БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Чүй облусундагы күрөөканалар текшерилип, үстөк пайыздарын төмөндөтмөй болушту. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, облус боюнча 40тан ашык күрөөкананын лицензия, документтери текшерилген.
Атайын кызмат жарыялаган видеодон көрүнүп тургандай, бир нече күрөөкана ээлери үстөк пайыздарын төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алышканын айткан.
Күрөөкана ээлерине босого ставкасын 20 пайыздан ашырбоо талабы да коюлганы белгиленди. Кокус акчаны андан кымбат беришсе, айып пул төлөшөт.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү күрөөканалар акчаны элге жогорку пайыз менен берип, жөнөкөй адамдар жабыркап жатканын айткан. Мындан улам ал күрөөканалардын ишмердүүлүгүн тиешелүү органдар менен биргеликте текшерүү керектигин белгилеген. УКМК төрагасы 30 пайыздан ашырып акча берген күрөөканаларды жаап, лицензиясын кайтарып алып, кожоюндарына мыйзам чегинде чара көрүү керектигин кошумчалаган.