Радио

"Кыргыз индустриясы" аз убакыттын ичинде 21 долбоорду ишке ашырды

"Кыргыз индустрия" ААКтын кайра иштетүү өнөр жайынын инновациялык долбоорлор башкармалыгынын башчысы Шамил Борончиев буга чейин жасалган иш-аракеттерге токтолду.
Sputnik
"Кыргыз индустрия" ААКына 2022-жылы өкмөт 1 миллиард сом берген. Анын 94 пайызы долбоорлор үчүн иштетилгенин Шамил Борончиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы кезде даяр 33 долбоор бар.
"Кыргыз индустрия" ААКына 2022-жылы өкмөт 1 миллиард сом берген. Анын 94 пайызы долбоорлор үчүн иштетилген. Быйыл дагы 500 миллион сом бөлүнүп, анын 90 пайыздан ашыгы өндүрүштүк долбоорлорго жумшалды. Өзү биздин иштеп баштаганыбызга бир жарым жылдын жүзү болду. Аз убакыттын ичинде 21 долбоорду ишке ашырууга жетиштик. Негизи бир долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн бир жарым жылдан үч жылга чейинки убакыт керектелет. Азыркы кезде даяр 33 долбоор бар. Анын баарын тактап ЖЧК компанияларын ачып койгонбуз. Мындан сырткары, "Кыргыз индустриясы" 14төн ашык долбоорду изилдеп чыкты", — деди Борончиев.
Ал долбоорлор биринчи келгенде эле эң алгач коомго канчалык пайда алып келе турганына көңүл буруларын кошумчалады.