Шаардык кеңеш Бишкекте жол кирени көтөрүү токтом долбоорун кабыл алды

Жаңы тарифтер токтом расмий жарыяланган соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алды.
Жаңы тарифтер токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өтүп күчүнө кирет.
Ага ылайык, январда жол кире баасы накталай 20 сом (коомдук транспорттун бардык түрү), накталай эмес төлөм ("Тулпар" картасы) 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол киренин баасы 11 сом бойдон калат. Бул үчүн электрондук капчыктын QR-кодун колдонуу керек.
Буга чейин вице-мэр өздүк наркты жабыш үчүн калган 6 сомду аталган компания төлөп берсе, мэрия 3 сомун жабарын айткан.
Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол акы төлөбөгөндөргө 3000 сом айып салат