Иш издеп жүргөндөр үчүн акысыз курстар дагы эле уланууда. Шарты

Акысыз курстан окуш үчүн жаран жашаган жериндеги райондук башкармалыкка кайрылып, жумушсуз катары каттоодон өтүшү зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Борбор калаада жумушсуз жүргөндөр үчүн кесипке үйрөтүүчү акысыз курстар иштеп жатканын Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы кабарлады.
"Акы алынбаган курстардан чачтарач, тырмак жасагыч, визажист-стилист, укалоочу, кирпик өстүргүчкө окуса болот. Ошондой эле англис, орус, немец тилдерин да үйрөнө алат", — деп жазылат маалыматта.
Акысыз курстан окуш үчүн жаран жашаган жериндеги райондук башкармалыкка кайрылып, жумушсуз катары каттоодон өтүшү шарт. Жанына паспорт, эмгек китепчеси жана билими тууралуу документ керек.
Башкармалыктардын дареги:
Ленин жана Биринчи май райондору — Бөкөнбаев көчөсү, 99 (Тыныстанов көчөсү менен кесилишет); телефондор (0312) 30-36-86, 30-37-44;
Октябрь жана Свердлов райондору — Токтогул көчөсү, 43 ( Гоголь көчөсү менен кесилишет); телефон (0312) 43-47-65.
Бишкекте жумушсуздарга автоунаа айдаганды акысыз үйрөтүү пландалууда