Таласта ишкана ээсинен 4,2 млн. сом опузалаган деп депутат кармалды. Видео

Эл өкүлү 25-декабрда Бишкекте талап кылган акчанын 1 миллион сомун алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Таласта ишкана ээсинен 4 миллион 200 миң сом опузалаган деп Бекмолдо айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Ч.Т.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2023-жылдын декабрь айынын башында Ч.Т.Ж. Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн утуп алган 67 миллион сом тендердин жалпы суммасынын 6 пайызын компенсация катары бересиң деп жеке ишкананын директорун коркуткан. Ал ишкана жетекчисинен 4 миллион 200 миң сом талап кылган.
"Депутат ишкана ээсин ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убадалаган", — деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Опузалап пара талап кылуу") ылайык иш козголуп, депутат 25-декабрда Бишкекте талап кылган акчанын 1 миллион сомун алып жаткан жеринен кармалганы кошумчаланды. Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен ал УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.
Ишкерден 5 миң доллар талап кылган деп Токмоктун "смотрящийи" кармалды