Россиялык компания кыргыз ишканасына 2 млн. сомдук кийим тигүүгө буюртма кылды

Берилген буюртманын Россияга келерки жылдын январь-февраль айында жөнөтүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Далматов тигүү фабрикасы (Россия) "Кыргыз зоот" ишканасына 2 миллион сомго атайын форма тигүүгө буюртма берген. Бул туурасында "Кыргыз индустрия" ишканасынан билдиришти.
"Кыргыз зоот" — аталган ишкананын туунду компаниясы.
Алар берилген буюртманы келерки жылдын январь-февраль айында Россияга жөнөтөрүн билдиришти.
Чүйдө жылына 1,7 млн. тонна цемент чыгарган завод курулууда