Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу Россия армиясы 2023-жылдагы башкы милдетин аткарганын айтты

Башкы кол башчы (РФ президенти Владимир Путин) Коргоо министрлигинин жетекчиси менен жеке курамдын ишин жогору баалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулун ишке ашырбай, Россиянын армиясы 2023-жылдагы башкы милдетин аткарды. Бул туурасында РФтин коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгунун айтканын РИА Новости жазды.
"Узап бараткан жылы негизги күчтү атайын операцияда коюлган максаттарга жетүүгө жумшадык. Алардын башкысы — Украинанын жана анын НАТО боюнча союздаштарынын бийик трибунадан туруп алып айткан контрчабуулунун мизин кайтаруу эле. Бул иш ийгиликтүү аткарылды", — деген Шойгу.
Тематикалык селектордук кеңешмеде ал башкы кол башчы (РФ президенти Владимир Путин) Коргоо министрлигинин жетекчиси менен жеке курамдын ишин жогору баалаганын айтты.
Шойгу аны менен катар эле россиялык аскерлер атайын операция жүрүп жаткан аймактардагы бардык багыттар боюнча көзөмөл орнотуп жана өздөрүнө ыңгайлуу позицияларды ээлеп жаткандыгын белгиледи.
"Россиянын армиясы ар дайым ыңгайлуу позицияда туруп жана бардык багыттар боюнча өз көзөмөлүндөгү аймактарды кеңейтип жатат. Биз ырааттуулук менен атайын операциядагы максаттарыбызга бара жатабыз", — деген Россиянын коргонуу ведомствосунун башчысы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу: Россиянын армиясы — даярдыгы мыкты жана согушка жөндөмдүү армия