БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") Ош шаарындагы мектептердин бирине акысыз 200дөн ашык жаңы окуу китебин берди.
Маданият борбору өлкөнүн түштүк аймактарына окуу куралдары жана көркөм адабияттарды алты жылдан бери акысыз берип келерин белгиледи.
"Муну менен бул жылы Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектептер дээрлик 7 миңдей жаңы китеп менен камсыз болушкан. Бул окуу куралдарынын арасында математика, химия, биология, тарых, музыка, көркөм өнөр жана башка сабактар боюнча китептер бар", — деп айтылат мааалыматта.
Бул ирет жаңы окуу китептери Ош шаарындагы өзбек тилдүү №23 мектептин мугалим, окуучуларына тапшырылган.