Ноокатта саатына 80 тонна асфальт чыгарган завод курулуп жатат

Завод "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалы тарабынан курулат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнүн аймагында таш майдалоочу завод жана асфальт-бетон чыгаруучу завод салынып жатат. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
1 / 4

Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнүн аймагында таш майдалоочу завод жана асфальт-бетон чыгаруучу завод салынып жатат

2 / 4

Курулушка 10 гектар жер тилке бөлүнгөн, асфальт заводунун өндүрүмдүүлүгү саатына 80 тоннаны түзөт

3 / 4

Облус башчысы Элчибек Жантаев тиешелүү жетекчилер менен жеринде жолугушуу өткөрүп, курулуштун кээ бир аспектилерин талкуулаган

4 / 4

Завод "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалы тарабынан курулат

Курулушка 10 гектар жер тилке бөлүнгөн, асфальт заводунун өндүрүмдүүлүгү саатына 80 тоннаны түзөт.
Облус башчысы Элчибек Жантаев тиешелүү жетекчилер менен жеринде жолугушуу өткөрүп, курулуштун кээ бир аспектилерин талкуулаган. Ал жергиликтүү бийликке курулуш иштерине ар тараптуу жардам берүү тапшырмасын берип, иш жеке көзөмөлүндө болорун билдирген.
"Бул жаңы ишканалар жумуш орундарын түзүүгө гана жардам бербестен, жергиликтүү инфраструктураны да өнүктүрөт. Алар жол куруу үчүн сапаттуу материалдар менен камсыз кылууда негизги ролду ойноп, аймактын экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет", — деп айтылат маалыматта.
Завод "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалы тарабынан курулат.
Бишкекте 2024-жылы жаңы төрт көпүрө курулат