Радио

Үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт: ниет мээде жашап, жүрөктөн өнөт

Филология илимдеринин кандидады, үй-бүлөлүк мамилелер боюнча эксперт Нуркыз Кадырбекова ниеттин жашоодогу орду тууралуу айтып берди.
Sputnik
Ниет мээде жашап, жүрөккө келип түшүп, өнүп чыгып, тилибизден чыккан соң максатка айланат. Ошондуктан туура ниет кылганды билүү зарыл. Мындай пикирин Нуркыз Кадырбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ниет кылууда билим менен ыйман куштун эки канатындай чогуу жүрүүсү керек.
"Ниет — бул түйүлдүк сыяктуу. Аял киши кош бойлуу болгонго чейин ата-эне ден соолугун карап, кам көргөндөй эле ниетти да туура кылууну үйрөнүү зарыл. Буга эң жакшы үлгүлөрдү биз адабияттан, элдик жомоктордон алсак болот. Мисалы, жомоктордун дэрлик баарынын аягы бактылуу жашоо менен бүтөт. Каармандар кандай кыйынчылыкты башынан өткөрбөсүн, соңунда баары жакшы аяктайт. Бул — ошол туура ниеттин жыйынтыгы. Учурда ажырашуулар көп болуп жатканын айтып, коомчулук баш катырууда. Анын негизги себеби катары да өзүбүздүн эле ниетибиздин туура эмес болуп жатканын белгилесек болот. Анткени турмушка чыга элек кыздар алгач эле күйөөгө тийгенде кантип өзүнүн жемин жедирбештигин, кайненелер болсо кантип келинин башкарып ала аларын, жигиттер болочоктогу аялына канткенде үстөмдүк кыларын, болбосо баш оорутпай ажырашып кетерин ойлонушат. Баары эмес, албетте, бирок көпчүлүгү ушундай пикирде болушат. Азыркы окуткан коуч, эксперттер да алгач эле "укугуңду бил", "өзүңдү тебелетпе" деген нерселерди айтышат. Албетте, укукту билген жакшы, адам сөзсүз билимдүү болуш керек, бирок билими менен ыйманы катар болбосо жыйынтыгында туура эмес ниетке алып келет. Ал эми бир эле ыйманын өнүктүрүп светтик билимсиз калсаң туура ниет коюп, аны максатка жеткирип, ишке ашырыш дээрлик мүмкүн эмес", — деди Кадырбекова.
Ал адам өзүн-өзү өнүктүрүү дегенди эгосун чоңойтуу эмес, жан дүйнөсүн байытуу деп кабыл алуусу керектигин кошумчалады. Эксперт мисалга китеп окууну келтирди.