Былтыр микрокредиттик компаниялар 39,2 млрд. сом насыя берген. Статистика

Былтыр 672 026 адам насыя алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. 2022-жылы Кыргызстандагы микрокредиттик уюмдар тарабынан 39,2 миллиард сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
Насыянын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 48,5 пайызы ар кандай максаттарга берилген. Калган бөлүгүнүн 23,4 пайызы — айыл чарба жаатына, соода жана коомук тамак-аш секторуна — 11,7 пайызы, курулушка — 6,3 пайызы, транспорт жана байланышка — 2,7 пайызы, өнөр жай өндүрүшүнө — 1,9 пайызы жана керектөө кредиттерине 5,5 пайызы алынган.
"2022-жылы микрокредитти алуучулардын көпчүлүгү Ош облусуна, Бишкек шаарына, Жалал-Абад жана Чүй облустарында. Орто эсеп менен бир алуучуга насыянын эң көп өлчөмү Чүй облусунун (75 миң сом), Бишкек шаарынын (65,4 миң сом) жана Ысык-Көл облусунун (64,3 миң сом), ошондой эле Ош шаарынын (62,2 миң сом) карыз алуучуларына туура келди. Республика боюнча бул көрсөткүч орточо 58,4 миң сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылдагы статистика боюнча, 672 026 адам насыя алды.
Кыргызстан сыранын экспортун 26 ирет көбөйттү