Кыргызстанга 10 айда 1,6 млрд. доллар которулду

Адатта бул каражат мигранттардан келди болуп саналат, бирок башка транзакциялар да эске алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январынан октябрь айына чейин Кыргызстанга 1 миллиард 611 миллион 930 миң доллар которулганын Улуттук банк билдирди.
Бул — акча которуу системалары аркылуу келген жеке тараптардын каражаты. Басымдуу бөлүгү, 1 миллиард 646 миллион доллар Россиядан келген.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын ушул эле мезгилинде Кыргызстанга 2 миллиард 498,5 миллион доллар, башкача айтканда, 886,5 миллионго көбүрөөк которулган. Былтыркы жыл акча которуу боюнча рекорд койгон.
Келген акчалар адатта мигранттардан келди болуп саналат, бирок башка транзакциялар да эске алынат. Каражат ар кандай валюта менен которулуп, доллар менен көрсөтүлөт.
Былтыр микрокредиттик компаниялар 39,2 млрд. сом насыя берген. Статистика