Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Кыргызстандыктар эми өзгөртүлгөн желекти колдонот. Мыйзам күчүнө кирди

Мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. "Кыргызстандын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам күчүнө кирип, документ бүгүн "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Аталган мыйзамга ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт.
Ошондой эле өзгөртүлгөн мыйзамда мамлекеттик туу түшүрүлгөн документтер жана автоунаалардын номерлери жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулары жазылган.
Документ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Министрлер кабинети үч айдын ичинде ченемдик-укуктук актыларын мыйзамга ылайык келтирсин", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилге бир нече убакыт мурда көтөрүлгөн. Анда Жогорку Кеңештин спикери Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов ЖКнын конституциялык мыйзамдар комитетинде желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктүн чамгарагын да өзгөртүүнү айтып чыккан.
Бирок мындай сунуш коомчулуктун бир бөлүгүнүн нааразылыгын жараткан. Кийинчерээк өлкө башчы Садыр Жапаров тууну өзгөртүү боюнча сунушту өзү киргизгенин айтып, андан соң Жогорку Кеңеш сунушту колдоп, президент жарлыкка кол койгон.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Туу өзгөрсө документтер мөөнөтү бүткөнчө, бийлик чечим чыгарганча жарактуу болот