БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары бейформал саммитке чогулду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Эскерте кетсек, бул — РФ президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын жаңы жыл алдында өтүп келген мамлекет жетекчилеринин эркин жыйыны.
Саммитке Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери чакырылган. Өлкө башчылары Санкт-Петербургдун ордо-парк комплекстерин кыдырып жүрүп баарлашууда.
Шейшемби күнү күндүз КМШ лидерлери "Павловск" музей-коругуна келишти, андан соң Царское село жана Петергофто болушат. Экскурсиядан кийин президенттерге классикалык чыгармалардан турган концерт тартууланып, аны өлкө башчынын эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой алып барды.
Бейформал саммит Стрельнадагы Константиновский сарайында жыйынтыкталат.