БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммити өтүп жатат. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Россиянын лидери Путин Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттерин, Армениянын премьер-министрин чакырган.
Президенттер алгач "Павловск" музей-коругуна барышкан. Андан соң сарайларга экскурсия жасалып, андагы залдардын биринде чакан концерт тартууланды. Анда “Түндүк симфония” симфониялык оркестри жана анын солисттери — виолончелист Сергей Ролдугин жана скрипач Павел Милюков бир нече классикалык вальс жана романстарды аткарган.
Ошондой эле мамлекет башчылары “Царское Село” музей-коругун кыдырган, андан ары Петергофко келип Чоң сарайды көрөрү пландалууда.
КМШнын бейформал саммити Константинов сарайындагы баарлашуу менен аяктайт.
Мындай иш-чараларды Жаңы жылдын алдында өткөрүү салтка айланып калган. Бүгүн өзгөчө күн болуп, Тоолуу Карабахтагы окуядан кийин биринчи жолу Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жолукту. Алар бири-бири менен кол алышып учурашты.