ЕАЭБде жетекчилер кеңеши биримдиктин жалпы энергетика рыногун көзөмөлдөмөй болду

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жогорку евразиялык экономикалык кеңеш ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагын караган жетекчилер кеңешинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча чечим чыгарды. Бул боюнча ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Чечим менен жетекчилер кеңеши биримдиктеги жалпы электр энергиясынын рыногунда регистратор жана башка инфраструктуралык уюмдардын ишин көзөмөлдөй алары айтылган.
ЕЭКтин инфраструктура жана энергетика боюнча министри Арзыбек Кожошев 2023-жылды биримдикте жалпы электроэнергия рыногун түзүүдө ийгиликтүү жыл болду деген.
"Быйыл электр энергиясын сатуу, мамлекеттер аралык электр линияларынын кубаттуулугун аныктоо жана бөлүштүрүү, ошондой эле электр энергиясынын транзитине кирүүнү жөнгө салуу боюнча эрежелер кабыл алынды. Ошондой эле рыноктогу инфраструктуралык уюмдар аныкталып, алар азыртан эле анын технологиялык базасын түзө башташты", — деген Кожошев.
ЕАЭБде жалпы энергетика рыногун түзүү боюнча талаштуу маселелердин көбү чечилди