ЕАЭБ менен Ирандын эркин соода боюнча макулдашуусунун мааниси чоң. Себебине сереп

Иран менен Евразиянын төрт жарым жылдан берки преференциялык режими сооданын көлөмүн эки эсеге көбөйттү. Бүгүнкү күндө тараптар толук кандуу эркин соода аймагын түзүү боюнча макулдашууга жетишти.
Sputnik
Вадим Павлов
25-декабрь күнү Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) менен Иран "Эркин соода аймагын түзүү боюнча" макулдашууга кол коюшту.
2019-жылдын октябрынан бери аталган зонаны түзүүгө өбөлгө болуучу убактылуу келишим иштеп келген эле. Документ күчүнө киргенден тарта пандемия менен Москва, Минск жана Тегеранга карата Батыштын салган санкциясына карабай ЕАЭБ менен Ирандын товар айлантуусу эки эседен ашыгыраак көлөмгө өстү.
Толук кандуу келишим биримдик менен Ирандын келечегине кандай таасир этерин Sputnik талдап көрдү.

Сооданын өсүү потенциалы

Дүйшөмбү күнү Санкт-Петербургда Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында ЕАЭБ менен Иран эркин соода боюнча макулдашууга кол коюшту.
Бул макулдашуу 2019-жылдан бери иштеп келген убактылуу келишимдин ордуна түзүлдү. Утурумдук макулдашууда тараптар сооданын преференциялык режимине өтүп, 12 миң товардын 360ына тарифтик жеңилдиктер каралган болчу. Ушул баскычта да соода эки эсеге өсүп, 2019-жылдагы 2,45 миллиард доллардан 2022-жылы 6,2 миллиард долларга жеткен. Бул — айыл чарба жана өнөр жай продукциясын минималдуу көлөмдө камтыгандагы көрсөткүч.
Толук форматтуу макулдашууга кол коюлган соң ЕАЭБ менен Ирандын өз ара соодасы кыска мөөнөттө кыйла өсүшү мүмкүн, ирандык товардын 90 пайызы үчүн, ал эми биримдик өлкөлөрүнөн чыккан товарлардын 99 пайызы үчүн бажы алымдары төмөндөдү.
"Биз адеп пландаган чек 18-20 миллиард доллардын тегерегинде. Бул — жакынкы келечекте жете турган көрсөткүч... Болжол менен беш-жети жыл", — деди Евразиялык экономикалык комиссиянын соода боюнча министри Андрей Слепнев.
ЕЭКтин соода министринин айтымында, макулдашуунун бекитилиши менен ЕАЭБден Иранга товар жеткирүүчүлөр үчүн орточо бажы алымы 4,5 пайыздык деңгээлде кармалат, ал эми кадимки пошлина 30 пайыздын тегерегинде. "Бул жылына бажыдан эле 380 миллион долларды үнөмдөп берет", — деди Слепнев.
Иран товарлары үчүн да орточо тариф 6,6 пайыздан 0,8 пайызга чейин төмөндөмөкчү.
Бул макулдашуудан сырткары техникалык жөнгө салуу (товар сертицификациялоонун жеңилдетилиши), санитардык жана фитосанитардык чаралар, бажылык жөнгө салуу, рынокту коргоо чаралары жана товардын кайдан кантип чыкканын аныктоо эрежелери боюнча тарифтик эмес тоскоолдуктарды азайтуу каралган.
Слепневдун айтымында, ЕАЭБ Иранга буудай, жүгөрү, кой, канаттуу этин, металлургиялык товарларды жөнөтүп турат. Мындан тышкары, кайра иштетилген агрардык продукция, мунай газ комплексинин продукциясы, машина куруу, ошондой эле үрөн жана электроника экспортунун келечеги кең экени белгиленди.
Ал эми Ирандан жашылча-жемиш, жаңгактан сырткары кеме жана машина куруу тармагы үчүн зарыл болгон тетиктер келет. Ошондой эле өнөр жай, агрардык продукция менен текстилдин көлөмү көбөйүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, макулдашуунун алкагында бир катар тармактар боюнча кызматташуу кеңейери айтылды. Бул кен казуу, энергоэффективдүүлүк жана "жашыл өнүгүү", изилдөөлөр, инновациялар, билим берүү, медицина жана телекоммуникацияга тиешелүү болмокчу.
"ЕАЭБ менен Иран өкмөттөрүнүн "Түндүк — Түштүк" экономикалык алкагынын өнүгүүсүнө маани берип жатканын эске алуу менен өзгөчө көңүл транспорттук-логистикалык чечимдерге жана транзиттик ташуу маселелерине бурулат", — деп жазылган комиссиянын билдирүүсүндө.
Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин Вьетнам жана Сербия менен эркин соода боюнча макулдашуусу бар экенин эскерте кетели. Буга чейин ушундай эле макулдашууга Сингапур да кол койгон, бирок документ ратификацияланган эмес.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде президенттер кол койгон документтер

Экономика, транспорт жана геосаясат

"Макулдашуу соода алакасы жана экономикалык көз караштан алып караганда тараптардын мүмкүнчүлүгүн арттырат. Экономиканын ар кыл секторунда биргелешкен долбоорлорду, инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга, бир нече мамлекеттин аракети менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жол ачат", — деди Г.В.Плеханов атындагы РЭУнун экономика кафедрасынын доценти Екатерина Новикова.
Эксперттин баамында, соода кызматташуусунун кеңейиши ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Ирандын экономикасына чоң түрткү болуп, технология жаатында өнүгүүсү жана дүйнөлүк экономика алкагында атаандаштыкка туруштук берүүсүнө жакшы курал болуп берет.
"ЕАЭБ менен Ирандын кызматташуусунун кеңейиши бардык тараптар үчүн пайдалуу деп эсептейбиз. ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн бул биринчи кезекте транспорттук коридорлордун кеңейип, Перс куймасы менен Инд океанына чыгууга мүмкүнчүлүк болот. Макулдашуу "Түндүк — Түштүк" транспорттук коридорун "жабат". Ал эми эл аралык санкция алдында калган Иран үчүн жаңы рынокторду ачып, товарын сатууга, транспорттук кызматтарын кеңейтүүгө жол ачат", — деди АКРА көз карандысыз жана аймактык рейтингдер тобунун директору Михаил Николаев.
Эксперт макулдашуудан көбүрөөк пайданы Иран менен чектешкен Армения көрөт деген пикирде.
"Эркин соода аймагы — бул тереңдетилген интеграция. Биздин пикирибизде, иштеп жаткан келишимдин алкагында Ирандын потенциалы чындап ачыла элек. Геосаясий жактан ыңгайлуу жайгашканы менен Иран тышкы соодада ЕАЭБдин 1 пайызына да жетпейт. Тегерандын эркин соода аймагына кириши ага дал ушул потенциалды ачууга жол берет. Иран ЕАЭБге товары менен кызматын сатып, кайра алардан ала алат", — деди "Финам" финансылык тобунун аналитиги Николай Дудченко.
Эксперт Батыш жүргүзүп жаткан катаал рестрикциялык саясаттын шартында санкцияга кабылган мамлекеттердин ынтымакташуусу да кадыресе кадам катары кабылданарын белгиледи. Анын айтымында, мындай кырдаалда өндүрүш жана илимий тармакта (IT, фармацевтика жана башка) кызматташуу өзүнөн өзү талап кылынуучу нерсе.
"Макулдашуудан ЕАЭБ экономикага караганда биринчи кезекте геосаясий жактан пайда көрөт. Бул биримдиктин өлкөлөрү экономикалык жактан зыян тартат деген сөз эмес. Бирок Иран ушу тапта геосаясий союздаш катары зарыл болуп турат, ал эми анын эркин соода аймагына өтүшү бул макамды бекемдеп берет", — деди Дудченко.
Путиндин ЕАЭБ саммитиндеги сөзүнүн урунттуу учурлары

Өз ара пайдалуу кызматташуу

Макулдашуунун келечеги тууралуу сөз кылып жатып РИКОМ-ТРАСТ инвестициялык компаниясынын бөлүм башчысы Олег Абелев тараптар өз ара кызыкдар болгон бир катар тармактар бар экенин белгиледи. Булардын катарында чийки заттын айрым түрлөрү, айыл чарба продукциясы, туристтик жана транспорттук кызматтар бар.
"Макулдашуу эки тараптын тең экономикасы үчүн таңсык болгон сырьенун жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Менимче, машина куруу, металлды кайра иштетүү, өзөктүк тармак, айыл чарбасы, азык-түлүк өнөр жайы макулдашуудагы артыкчылыктуу багыттар болушу керек", — деди эксперт.
Каспий стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Александр Караваев түзүлгөн макулдашуу Иран менен ЕАЭБдин ортосундагы товар айлантууну жогорулатып, өнөр жай кооперациясынын башаты болот деген пикирин билдирди.
"40 жылдан бери маанилүү тармактар боюнча санкция алдында турган Тегеран технологиялык планда айрым бир автономияга жетишти. Санкция алдындагы эки күчтүү ири державанын биригишинен кызыктуу өнөр жай кооперациялары түзүлүшү ыктымал", — деди эксперт.
Ал машина куруу тармагын мисал келтирип, ирандык жана россиялык ишканалар бири-бирин тетик менен камсыздай аларын билдирди. "Мындан тышкары, ар кыл компаниялардын бири-биринин рыногуна чыгуусу боюнча пландар айтылып жатат, Iran Khodro Россия рыногуна чыга баштаса, АвтоВАЗ Иранда машина куроо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым болду. КамАЗдын Ирандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү, жаңы моделдерди жеткирүү тууралуу да сөздөр жүрүп жатат", — деди Караваев.
Эксперттин айтымында, машина куруудан тышкары авиация жаатында да кызматташтык кеңейиши мүмкүн. Мисалы, Батыштын РФ авиаиндустриясына салган санкцияларынан улам жабылып калган авиапаркты оңдоо тууралуу кеп болушу мүмкүн. Ал эми кеме курууда Иранга Россия жардам бере алат, россиялык кеме куруу тармагы Каспий аймагындагы лидер эмеспи.
"Мындан тышкары, Иран чыгарган газ турбиналарын да атоого болот, бул багыттагы ийгиликтерди Ирандын алдыга секириги катары кабылдайбыз. Россиянын "Ростех" алкагында илгерилетип жаткан долбоорлорго мыкты толуктоо болмок", — деп пикири менен бөлүштү эксперт.
Ал макулдашууга кол коюлушу менен жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканына токтолду. "Мисалы, Иран үчүн ЕАЭБ аймагынан үчүнчү өлкөлөргө товар экспорттоого жол ачылат", — деп сөзүн жыйынтыктады Караваев.
РФ өкмөтүнүн алдындагы Финансы университетинин Глобалдуу изилдөөлөр институтунун илимий жетекчиси Александр Ильинский жогоруда аталган жеңилдиктерден тышкары кол коюлган макулдашуу бажы процедураларын жөнөкөйлөтүп, интеллектуалдык менчикти коргоо сыяктуу кошумча шарт түзөт.
"Эркин соода аймагы нормалар менен эрежелерди бири-бирине шайкеш келтирет, бул өлкөлөр ортосундагы соода операцияларын жөнөкөйлөтөт. Ал эми мындай чара ишканаларга инвестиция жасап, соода жүргүзүүдө туруктуулукту жана айкындыкты камсыздап берет. Макулдашуу эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзөт, соода агымын диверсификациялоого жана мамлекеттердин бири-биринен көз карандылыгын азайтууга өбөлгө болмокчу. Эркин соода тууралуу келишим соода жана экономикалык кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, соодадагы тоскоолдуктарды жоюп, эки тараптын тең өнүгүүсүн шарттайт", — деди эксперт.
Ильинскийдин айтымында, макулдашуу тараптардын мамилесин бекемдөөгө да өбөлгө болот.
"Бажы төлөмдөрүнүн кыскарышы же такыр жоюлушу сооданы жеңилдетип, импорттун баасын төмөндөтүп, иран товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат. Мындан тышкары, эркин соода аймагынын түзүлүшү менен иран экономикасына инвестиция да тарта алат. Бул тармактардын өнүгүп, модернизацияланышын, технология жана билим менен алмашууну шарттайт", — деди ал.
Ильинский ЕАЭБ мамлекеттери да өз кезегинде жаңы, келечектүү рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушарын кошумчалады.
"Керектөөчү жана инвестициялык потенциалы чоң Иран биримдиктин жаңы рынокторго чыгуусуна жол ачат. Иран менен экономикалык кызматташуу ЕАЭБдин салттуу соода өнөктөштөрүнөн көз карандылыгын азайтып, соода агымын жаңылай алат. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасын бекемдейт", — деди эксперт.
Мындан тышкары, ал нефть менен газ өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы сапта турган Иран менен кызматташуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө энергетикалык ресурска кыйнабаган шарт менен жетүүнү камсыздап, энергетикалык коопсуздугун диверсификациялоого жол ачарын кошумчалады.
ЕАЭБ экономикасын өнүктүрүү боюнча декларацияда камтылган 6 багыт. Чоо-жайы