ЕАЭБ экономикасын өнүктүрүү боюнча декларацияда камтылган 6 багыт. Чоо-жайы

ЕАЭБ логотиби. Архивдик сүрөт
Президенттер кол койгон декларация — 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилди камтыган программалык документ.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия ЕАЭБ өлкө башчылары биримдик алкагында экономикалык процесстерди мындан ары өнүктүрүү боюнча кол койгон декларацияда эмнелер камтылганын тизмектеди.
Белгилей кетсек, декларацияга президенттер Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда кол коюшкан.
Маалым болгондой, бул — 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилди камтыган программалык документ.
Документте алты багыт камтылган. Алар:
жалпы рынокту негизги товарлар жана ресурстар менен камсыз кылуу;
технологиялык өнүгүү чөйрөсүндө кызматташуу жана кооперациялык кызматташтыктын жалпы мейкиндигин калыптандыруу;
транспорттук-логистикалык мейкиндикти калыптандыруу;
жалпы финансы рыногун калыптандыруу;
интеграциялык потенциалы бар аймактарда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү;
ЕАЭБдин эл аралык аренада экономикалык чордон катары иштеши;
Евразия экономикалык комиссиясына биримдикке мүчө мамлекеттер менен бирге декларацияны ишке ашыруу боюнча жол картасынын долбоорун иштеп чыгып, көргөзүү тапшырмасы берилди.
Электр подстанциясы. Архивдик сүрөт
ЕАЭБде жетекчилер кеңеши биримдиктин жалпы энергетика рыногун көзөмөлдөмөй болду