Бишкек: жолдогу сары тилке менен жүрүүнүн жаңы эрежеси кирди

Департаменттен айдоочулардан шаар ичиндеги автокыймылда ыңгайсыз кырдаалды түзбөш үчүн киргизилген жаңы өзгөрүүлөрдү сактоону суранышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бүгүн борбор калаадагы коомдук транспорттун сары тилкеси менен башка автоунаалардын жүрүшү, тагыраагы, анын кышкы тартиби боюнча өзгөртүү күчүнө кирди. Бул туурасында мэриянын Транспорт департаментинен билдиришти.
Атайын жол менен жүрүү эрежеси төмөнкүдөй:
Саат 20:00дөн 8:00гө чейин кышында;
Саат 21:00дөн 7:00гө чейин жылдын калган мезгилдеринде.
"Мындай чечим автоунаалардын агымын жөнгө салууну жакшыртуу зарылдыгынан улам кабыл алынып жана жолдо жүргөндөрдүн бардыгынын жолго кеткен убактысын үнөмдөө максатында жасалууда", — дешти алар.
Департамент айдоочулардан шаар ичиндеги автокыймылда ыңгайсыз кырдаалды түзбөш үчүн киргизилген жаңы өзгөрүүлөрдү сактоону суранышты.
Бишкектин жолундагы сары тилке: жеңил унаалар эми кандай жүрөт? Видео