Борбор калаада Ахматбек Сүйүмбаевге арналган дубал сүрөт тартылды

Мурал КР Баатырынын, мамлекеттик ишмердин элесин сактоо максатында жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sptnik. Бишкектин көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттардын бирине КР Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Ахматбек Сүйүмбаевге арналган мурал пайда болду.
Мэриядан дубал сүрөт Чүй проспекти менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан турак жайга түшүрүлгөнүн айтышты.
Бул эмгекти атайын салтанат менен ачышып, ага Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов, шаардыктар катышкан.
"Мурал КР Баатырынын элесин сактоо максатында жасалган. Демилге Сүйүмбаевдин балдарынын жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты", — деп билдиришти мэриядан.
Ахматбек Сүйүмбаев Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келгенден кийин мамлекеттик, партиялык кызматтарда эмгектенген. Финансы министрлигин жетектеген, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болгон.
Бишкекте Константин Юдахинге арналган мурал пайда болду