Министр: жумуш издеген мугалимдер үчүн портал ачылат

Кыргызстандын аймагында мугалимдин бошогон орду электрондук порталга кирет, жумуш издегендер ошол жерден иш таап алат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Жумуш издеген мугалимдер менен окуу бөлүмүнүн башчылары (завуч) үчүн өлкө боюнча бош орундар тууралуу маалымат камтылган электрондук портал ишке кирет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда мектеп директорлорунун да резервдик порталы түзүлөт.
"Азыр билим берүү системасы иш берүүчү катары эмес, натыйжага багытталып, мыкты мугалимдерди тандоо мезгилине жетти. Мурун келгенине эле ыраазы болсок, эми системада өзгөрүүлөр башталат. Биринчи иретте биз mugalim.vacant улуттук порталын түзөбүз. Кыргызстандын аймагында кайсы жерде мугалимдин орду бошосо электрондук порталга кирет, жумуш издегендер ошол жерден иш таап алат. Ошондой эле директорлор корпусунун дагы ушундай резервдик порталы түзүлөт", — деди министр.
2025-жылга чейин Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 560 бала бакча ачуу пландалууда