Кыргызстан менен Казакстандын союздаштык келишимине 20 жыл. Токаевдин куттуктоосу

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын жетекчиси Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык келишиминин 20 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Ак орда кабарлады.
"2003-жылы түзүлгөн келишим казак-кыргыз мамилесин өнүктүрүүдөгү жаңы этаптын башталышы болуп, ар тараптуу байланышыбызды илгерилетүү үчүн укуктук негиздерди бекемдеп берди. Буга ар деңгээлдеги саясий диалог, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алкактагы кызматташтык далил. Мындан тышкары, эки мамлекеттин эл аралык аренадагы тыгыз кооперациясын белгилөөгө болот", — деп айтылат телеграммада.
Токаев биргеликте иш алып баруу стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштыкты бекемдеп, Казакстан менен Кыргызстан элдеринин жаркын келечегине багытталган аракеттерди ишке ашырат деген ишенимин билдирген.
Садыр Жапаров Санкт-Петербургга барды. Видео