БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 100дөгөн пайыз менен акча берген күрөөканалар бар экен. Улуттук банк менен чогуу иштешип, аны 30 пайызга түшүрүш керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Чүй облусунун Москва районундагы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди.
УКМК төрагасы айрым күрөөканалар койгон пайыздар төбө чачты тик тургузарын белгилеген.
"Күрөөканадан акчаны көбүнчө жөнөкөй адамдар, муктаждар алат. Бирок жүздөгөн пайыз менен акча берген күрөөкана көйгөйдү чечпей эле адамды кайра эзет. Санаага батырып, үй, автоунаа, алтындарын алдырып коюп жатышат. Эл кыйналууда. Күрөөканадан көбүнчө сүткорлор байышат. Улуттук банк көп болсо 20 пайыз коюм коет. Ал эми күрөөканалар 100дөгөн пайыздарды коет экен. Биз муну мыйзам чегинде Улуттук банк менен чогуу иштеп туруп, пайыздарды түшүрүш керек. 30 пайыздан бийик койбош керек. Андан ашырса жоопко тартуу зарыл", — деген Ташиев.
УКМК төрагасы жогорку пайыз менен акча берген күрөөканаларды атады. Алар:
"О! Деньги" мобилдик оператору - "Акча булак"чакан насыя компаниясы 244 пайыз;
"Заман финанс" чакан насыя компаниясы (мурдагы"Сомо") 267 пайыз;
"Элдик капитал" күрөөканасы (мурдагы "Сомо") 267 пайыз;
"Достукча" чакан насыя компаниясы (Акчамат) 378 пайыз;
АБН чакан насыя компаниясы 104 пайыз.
Ташиев мындай пайыздар менен акча берүү элди тоноо болуп саналарын кошумчалаган.
"Буларды тонотуп коюп, карап отурабыз. Мунун УКМКга түздөн-түз тиешеси бар. Эл жакырчылыкка батып, байыбаса, турмушу оңолбосо улуттук коопсуздукка терс таасирин тийгизет. Мындан ары 30 пайыздан ашырып акча берген күрөөканаларды жаап, лицензиясын кайтарып алып, кожоюндарына мыйзам чегинде чара көрүү керек. Ошондо гана элди тоногондор азаят", — деген УКМК төрагасы.