Биринчи май районунун акими менен №8 милиция бөлүмүнүн башчысы иштен алынды. Себеби

Мындан тышкары, милициянын 10 кызматкери, мэрия жана УКМКнын кээ бир кызматкерлерине да катуу чаралар көрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында жасалып жаткан иштердин алкагында Биринчи май районунун акими менен №8 милициянын бөлүм башчысы иштен алынганы тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Ал атайын кызматтын Чүй облусунун Москва районундагы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөгөн.
"Камчыбек Ташиев интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жасалып жаткан иштердин алкагында Биринчи май районунун акими менен №8 милициянын бөлүм башчысы иштен алынганын айтты. Мындан тышкары, милициянын 10 кызматкери, мэрия жана УКМКнын кээ бир кызматкерлерине да катуу чаралар көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин активист Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына шаардагы Кулиев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде кыздар акчага интим кызмат көрсөтөрүн жазып чыккан. Бул маалыматтан кийин ШИИБ "Сойкулукка шыкактоо" беренеси боюнча иш козголуп, милицияга 21 жаран жеткирилгенин кабарлаган. Анын ичинен төртөө кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Маалым болгондой, бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, жыйынтыгында райондук башкармалыктан жана Бишкек ШИИБден 10 жетекчи жоопкерчиликке тартылган. Анын ичинде Биринчи май РИИБинин №8 шаардык бөлүмүнүн начальниги, милициянын майору С.Т. да болгон.
Ташиев: акчалууларга интим кызматтарын көрсөткөн 200дөй элиталык сойку аныкталды