БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстанда "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы ойнотула баштады. Ага 18 миллиондон ашык ID-номер катышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, лотерея 30-декабрга чейин ойнотулат.
"Катышуучулар "Салык чек" тиркемеси аркылуу 18,7 миллиард сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти. Лотереяда iPhone 14 үлгүсүндөгү 521 телефон, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар күн сайын Салык кызматынын социалдык баракчаларында түз эфирде көрсөтүлүп, саат 13:00дө башталат. Эгер аны көрө албай калсаңыз, байге утканыңыз тууралуу ККМ чек чогулткан тиркемеңизге кабарлама келет. Ошондой эле аты-жөнүңүз ведомствонун сайтына жарыяланат", — деп жазылат маалыматта.
Жалпысынан 1 242 байге коюлганы айтылды.
"10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү 30-декабрда аныкталат. Утуш саат 15:00дө УТРК жана "Ала-Тоо 24" каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын социалдык тармактагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт", — деп жазылат кабарда.