Жапаров: ЕАЭБди өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл

Жапаров ЕАЭБ экономикасы жаңы шартка ыңгайлашып, өсүүнү көздөй бет алганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров дүйнөдөгү глобалдуу чакырыктар ЕАЭБди өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгын талап кылып жатканын билдирди.
Бүгүн Санкт-Петербургда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму өтүп жатат.
Жапаровдун айтымында, биргелешкен аракеттер менен макроэкономикалык стабилдүүлүктү жана финансылык системалардын туруктуулугун камсыздоого мүмкүн болду. Кыргызстандын президенти ЕАЭБ экономикасы жаңы шартка ыңгайлашып, өсүүнү көздөй бет алганын белгиледи.
Мындан сырткары, Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы ички көзөмөл пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну сунуштады. Ошондой эле биримдиктин тышкы чек арасына гана көңүл буруу жетишсиз деген пикирин айтып, ЕАЭБдин транспорттук инфраструктурасын жана логистикасын өнүктүрүү боюнча чара көрүү зарылдыгын белгиледи.
ЕАЭБ өлкө башчылары экономиканы 2045-жылга чейин өнүктүрүүнү макулдашышты