Россия ТИМи Сербиядагы башаламандык боюнча пикирин билдирди

17-декабрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон сербиялык оппозиция Белграддын администрация имаратынын алдын ээлеп, көчөнү тосуп алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Белграддагы башаламандыктын артында жамааттык Батыш турат. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жамааттык Батыштын "майдан төңкөрүшүнүн" ыкмасын пайдаланып абалды чайпалтуу аракети ачык көрүнүп турат", — деди ТИМ өкүлү.
Захарованын айтымында, азыркы кырдаалга Конституцияны сактап, улуттук кызыкчылыгы үчүн добуш берген серб элинин тандоосун урматтоо менен гана жооп берүүгө болот.
Эскерте кетсек, 17-декабрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон сербиялык оппозиция Белграддын администрация имаратынын алдын ээлеп, көчөнү тосуп алышкан. Айнектерди талкалап, имарат ичине кирүүгө аракеттенгендерди полиция көздөн жаш чыгаруучу газ менен кууган.
Сербия президент Александр Вучичтин айтымында, башаламандыктан полициянын эки кызматкери катуу жарадар болуп, 35тен ашуун киши кармалган.
Өлкө башчы улутка кайрылып жатып Белграддагы каршылык акциялары — Сербияны өз алдынчалуулук менен суверенитетинен ажыратуу аракети экенин белгиледи. Ал митингдер болорун алдын ала айтып эскерткен өнөктөш мамлекеттердин атайын кызматтарына ыраазычылык билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: АКШ Россия менен Европаны Украинадагы жаңжалга атайылап түрттү