Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия армиясы Донецкидеги Марьинканы толугу менен бошотконун жар салды

Марьинка Донецкинин жака-белинде жайгашкан. Жеңиш аймакты Украина Куралдуу күчтөрүнөн бекемирээк коргоого жардам берери белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Россиянын аскер күчтөрү Донецк Эл Республикасындагы Марьинка аймагын толугу менен бошотконун өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу РФ президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Активдүү чабуулдун аркасында "Южная" тобунун отряддары бүгүн Донецкинин түштүк-батышында жайгашкан Марьинка калктуу конушун толугу менен бошотту", — деди министр.
Марьинка Донецкинин жака-белинде жайгашкан, райондун борбору Петровскийден бир чакырым аралыкта.
Шойгу шаардын көзөмөлгө алынышы Донецкини мындан да жакшы коргоого өбөлгө болорун белгиледи. Анын айтымында, калааны бошотууда 150-дивизиянын жоокерлери мыктылыгын көрсөткөн.
Путин өз кезегинде бул жеңиш экенин белгилеп, аскерлерге ыраазычылыгын билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Түркия Зеленскийге сүйлөшүүгө тыюу салган чечимин кайра кароону сунуштады