Кыргызстандык жаштардын өз жеринде жашоону каалабагандыгынын үч башкы себеби бар экенин Малаке Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, анын бири — үй-бүлөсүндө сүйүү, мээрим жана камкордук көрбөгөндүк.
"Бул жаатта атайын изилдөө жүргүзүү кыйын. Бирок жеке тажрыйбамдан жана байкоомдон айта турган болсом, биздин жаштардын көбүнүн чет жакта окуп, иштеп, жашагысы келгендигинин үч негизги себеби бар. Экономикалык абал бул жерде сап башында турат. Андан кийин саясат. Өлкөнүн саясий абалы да өтө чоң роль ойнойт. Жакшы эле бизнес иштетип келе жатып, аны бир күнү мамлекет тартып алса маселе жаралат, адамдын тынчы кетип, өзүн коопсуз сезген жай издей баштайт. Ал эми үчүнчү себеп — үй-бүлөдөгү атмосфера. Ата-энесинен мээрим, камкордук жана сүйүү көргөн бала үйүнө барууга шашат. Мындай сезимдерге чулганбаган адамдын бир нерсеге байлануусу да кыйын болот", — деди психолог.
Ал Кыргызстанда идеология жок экенин, эл кайда бара жатканын түшүнбөй келерин кошумчалады.