Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагондун экс-кеңешчиси аялдарды согушка чакыруу жакшы эместигин айтты

Америкалык дипломат аскерге чакырылгандардын орточо курагы 43 жашты түзөрүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Пентагон башчысынын мурдагы кеңешчиси, дипломат Час Фриман ЖМКнын суроолоруна жооп берип жатып аялдарды согушта колдонуу иштин бүткөнү деген маанайдагы пикирин билдирген.
Бул туурасындагы видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
Экс-кеңешчи Украинанын атайын операцияда жеңилип бара жатканын белгилеген.
"Украинанын бул кармашта жеңилгенин түшүнгөндөр арбып жатат деп ойлойм... Реалдуулук менен бет келе башташты. Аскерге чакырылгандардын орточо курагы 43 жаш. 70 жашка чейинкилер мобилизация болууда. Ал эми аялдардын согушка чыкканы — силердин ишиңердин бүтөрүнө аз калды дегендик", — деп айткан Час Фриман.
Ал Батыштын атайын операциядагы ийгиликсиз кадамы НАТОнун бөлүнүп-жарылышына алып келерин айтканын РИА Новости билдирген.
"НАТОнун биримдик чатырында жарака пайда болду. Альянстын бир катар мүчөлөрү бул чатакты улантуу идеясынан ачык эле баш тартууда", — деген ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Германияга чыгып кеткен украиналыктардын мобилизацияланарын айтышты