БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстанда автоунааларга милдеттүү түрдө видеокамера орнотуу сунушталды. Мыйзам долбоорду ИИМ сунуштап, ал Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Анда министрлер кабинети тарабынан аныкталган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жана башка транспорт каражаттарынын түрлөрүн кошпогондо бардык автоунааларда жазуучу прибор (видеокаттоо) болушу керектиги белгиленген.
Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери, бул автоээлерине видеокаттагычты өз чөнтөгүнөн сатып алууга мүмкүндүк берери белгиленген. Эрежеге баш ийбегендер айыпка жыгылат.
ИИМдин негиздемесинде бул жол эрежелерин бузууну жана кырсыктарды алдын алуунун чарасы экени белгиленген.