Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кандуу булоонго жиберип. Европарламент ЕБди Украина боюнча жооп берүүгө чакырды

Саясатчы Эстониянын ИИМ жетекчиси Лаури Ляэнеметстин айтканын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — РИА Новости. Европа биримдигинин саясатчылары Украинада чатак чыгарып, мобилизацияга жарактуу украиналыктарды салып бергени үчүн жоопкерчилик тартышы керек. Бул туурасында Ирландиядан Европарламентке шайланган депутат Мик Уоллес X социалдык тармагында айтканын РИА Новости жазды.
"Эстониядагы бул кишилердин кайда жашагандыгын билебиз. Демек, Украинада прокси-согушту наадандык менен жасаган НАТО жана АКШдагы жумушчулардын катмарынан балдарды кандуу булоонго ыргыткысы келип турушат экен да? Бул согушту колдоого алган европалык саясатчылар жоопко тартылышы керек", — деген Уоллес.
Саясатчы Эстониянын ИИМ жетекчиси Лаури Ляэнеметстин Таллин аймагына келген украиналыктардын ичинен Киевдин өтүнүчү менен аскерге чакырууга жарамдууларды издей турганын айтканын эске салды.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров өлкөсүнөн чыгып кетип Германияда жашап жаткан 25-60 жаш курагындагы украиналыктарды мобилизациялоо иштери пландалып жатканын айткан эле.
"Фрау Геноцид". Европарламенттин депутаты фон дер Ляйенге жаңы "ысым" ыйгарды