БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкө башчыларынын баары биримдик алкагында экономикалык процесстерди мындан ары өнүктүрүү боюнча декларацияны бекитүүгө макул болду. Бул тууралуу Владимир Путин билдирди.
Эскерте кетсек, учурда Санкт-Петербургда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму өтүп жатат. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы катышууда.
Путиндин айтымында, бул – 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилди камтыган программалык документ.
РФ президенти "бешилтиктин" мамлекеттери дүйнөдөгү чыңалган абалга карабай бардык багытта алакасын жакшыртып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши – Евразия экономикалык биримдигинин жогорку органы.