27-декабрдан тарта Бишкектеги эки көчө бир тараптуу болот. Тизме

Учурда бул эки көчөгө тиешелүү жол белгилери орнотулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 27-декабрдан тарта Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсү менен Гоголь көчөсүндө жол кыймылы бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
27-декабрдан баштап бир тараптуу боло турган көчөлөр:
Гоголь көчөсү. Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
Сүйүнбаев көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө).
Учурда бул эки көчөдө тиешелүү жол белгилери коюлуп, жол чийиндери чийилип жатканы белгиленди.
Мындан тышкары, 14-январдан тарта ордо калаада дагы 6 көчө бир тараптуу, ал эми бир тараптуу болгон эки көчөдө унаалар эки тарабы менен тең жүрүп калары айтылды.
Бир тараптуу боло турган көчөлөр:
Турусбеков көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);
Үмөталиев көчөсү. Жибек Жолу проспектинен Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
Калык Акиев көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин (түштүктөн түндүккө);
Тыныстанов көчөсү. Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейин (түндүктөн түштүккө);
Раззаков көчөсү. Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
Орозбеков көчөсү. Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө).
Ал эми Кулатов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Логвиненкого чейинки бөлүгү жана Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүктөрү эки тараптуу болору кошумчаланды.
Мэрия башаламан соода менен күрөшүүдө жаңы ыкмаларды сунуштап жатат