Арашан айылындагы мүрзөдөн курал-жарак катылган жай табылды. Видео

Баштыктын ичинде ок атуучу куралдар, ар кандай калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, ок-дары жана жардыргыч заттар болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынан курал-жарак жана жардыргыч заттар катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Атайын кызмат алар Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгонун айтууда.
1 / 2

Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынан курал-жарак жана жардыргыч заттар катылган жашыруун жай табылды

2 / 2

Атайын кызмат алар Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгонун айтууда

"Такталган маалымат боюнча, Арашан айылында көрүстөндөн мүрзөнүн биринен эки боз полипропилен баштыгы табылган. Анын ичинде ар кандай ок атуучу куралдар, түрдүү калибрдеги тапанчалар, Калашников автоматы, ок-дары жана жардыргыч заттар болгон", — деп жазылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында курал-жарактар тиешелүү экспертизага жөнөтүлөрү кошумчаланды.
Учурда УКМК бул курал-жарак кампасына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатканы айтылды.
Ишкерден 5 миң доллар талап кылган деп Токмоктун "смотрящийи" кармалды