Айыл чарба министри Жаныбеков кызматынан бошотулду

Жаныбеков айыл чарба министри болуп 2021-жылдын февралында дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Документте Жаныбеков жумушунан башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганы айтылат.
Эскерте кетсек, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри болуп 2021-жылдын февралында дайындалган.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жаңы жетекчи келди