Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Өлкө башчыны беш аткаминер коштоп жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, иш сапары менен Россияга учуп кеткенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы Санкт-Петербургда өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана КМШга кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышарын айтышты.
"ЖЕЭК отурумунун жүрүшүндө 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, Иран менен ЕАЭБдин эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюушу күтүлүүдө", — деп жазылган маалыматта.
КМШ президенттеринин бейформал жолугушуусунда ушул жылдагы кызматташуунун жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы милдеттер аныкталып, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот.
Делегациянын курамы:
министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Самат;
экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.
Садыр Жапаров Нарындагы жаңыланган "Торугарт 2" бекетине барды. Сүрөт