Садыр Жапаров Санкт-Петербургга барды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды.
Мамлекет башчынын борту "Пулково" эл аралык аэропортуна конду. Жапаровду Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Эскерте кетсек, мамлекет башчы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.
Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы