Балага жаңы жылдык белек камдоодо эмнеге көңүл буруу керек? Адистин эскертүүсү

Көпчүлүк бул майрамда балдарга таттууларды тартуулайт. Мындайда ата-энелер анын мөөнөтү, курамына жакшылап маани бериши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти балдарга белек тандоодо көңүл бурчу жагдайларды эскертти.
Мекеме Жаңы жыл майрамына карата бөбөктөргө белек камдоодо башкысы анын коопсуздугуна маани берүү экенин айткан.
Эгерде сиз балаңызга таттууларды алып берүүнү чечсеңиз анын жарактуулук мөөнөтүнө көз жүгүртүңүз. Жей турган нерселерди майрамга аз калганда алган оң. Ошондой эле анын жытына да көңүл буруу сунушталат, кандайдыр бир кескин, жагымсыз жыттанса андан баш тарткан жакшы.
Кутудагы жазууну жакшылап окуп чыгуу керек. Куту, анын маркировкасы бузулбаганын карап коюу шарт. Товардын аты, курамы, даярдалган күнү, жарактуулук мөөнөтү, аны сактоо шарттары жазылышы так, даана жазылган продукция ишенимдүү болот.
Айрым балдарда кээ бир таттууларга аллергия болушу мүмкүн. Муну да эске түйүңүз.
Кичинекейге белек камдоодо ал товар канча жаштагыларга ылайыкталганын билишиңиз керек. Бул үчүн өндүрүшчүнүн сунуштамасына көңүл буруу шарт.
“Балага таттуулар топтомун алып берүүдө мүмкүн болушунча анын курамында тамак-аш кошулмалары, консерванттар азын издеңиз. Белекти дүкөн, супермаркеттер, расмий иштеген базарлардан алуу сунушталат. Биз майрамдык дасторкон таттуу гана эмес, ден соолукка пайдалуу да болушун каалайбыз”, — деп айтылат департаменттин кайрылуусунда.
Жаңы жыл майрамында үйгө кирген уурулардан сактаныңыз. Милициянын кеңеши