Радио

Кыргызстанда ойлоп табуулардын саны 68%га өстү

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева өлкөнүн медицина, айыл чарба тармагында ойлоп табуучулук жолго салынып, ар бир эмгек катталып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда ойлоп табуулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 68 пайызга өстү. Бул тууралуу Рахат Керимбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, улуттук жол-жобо боюнча корголуучу товардык белгилерди каттоодо өсүш байкалып, былтыркыга салыштырмалуу 22 пайызга жогорулаган.
"Быйыл Кыргызпатенттин түптөлгөнүнө 30 жыл толду. Анын алкагында ири "Коммерциялык сыр" форуму өтүп, дүйнөдөгү күчтүү эксперттер келип, биздин ишкерлер менен тажрыйба алмашып, кызматташуу боюнча алака түзүлдү. Негизинен интеллектуалдык менчик багытында укуктук базанын түптөлүшү боюнча да жылыштар жакшы. Быйыл Кыргызстанда ойлоп табуулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 68 пайызга өстү. Көбүнесе медицина, айыл чарба тармагында ойлоп табуучулук жолго салынып, ар бир эмгек катталып жаткандыгын айтты. Мисалы, Сабырбек Жумабековдун жаратмандыгы медицинада кеңири колдонулуп, иштеп жатат. Жаңы үрөн түрлөрү, жер семирткич, койлордун жаңы породаларын ойлоп таап патент алгандар көбөйдү", — деди Керимбаева.
Ошондой эле адис Кыргызпатент Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна мүчө катары ЕАЭБ өлкөлөрү үчүнчү өлкөлөр менен да кызматташууну жакшыртып жатканын кошумчалады.