Кыргызстан сыранын экспортун 26 ирет көбөйттү

Негизинен беш мамлекет Кыргызстандын ичимдигин импорттоого кызыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстанда кайнатылган пивонун экспорту 25,8 эсеге өскөн. Улуттук статистика комитетинин жарыяланган маалыматтарынан кийин ушундай жыйынтыкка келүүгө болот.
Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында сыртка 3 миллион 138,7 миң литр пиво чыгарылган. Анын акчалай наркы 1,4 миллион долларды түзгөн.
Сатып алган өлкөлөр:
Кытай — 1 миллион 722,5 миң литр;
Латвия — 1 миллион 17,7 миң литр;
Литва — 238,4 миң литр;
Россия — 86,7 миң литр;
Казакстан — 73,4 миң литр.
Өткөн жылдын 10 айында 121,6 миң литр экспорттолгон. 2002-жылы бул ичимдик Кытай, Латвия, Литвага чыккан эмес. Эгерде 2018-жылдан берки маалыматтарды карасак, акыркы эки республиканын албаганын, коңшу Кытайга кеткен көлөм жылына 32,5 миң литрден көтөрүлбөгөнүн көрүүгө болот.
Ал эми дагы бир кошуна өлкө — Казакстанга экспорт үч эсеге өссө, Россия боюнча азаюу байкалат.
Кыргызстан айрым өлкөлөргө балды көбүрөөк экспорттой баштады