Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Евробиримдиктеги 6 өлкө Украина үчүн кепилдик декларациясын колдогон жок

НАТОнун декларациясында жазылган милдеттенмелерде аны ишке ашыруунун так мөөнөттөрү каралган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Киев үчүн коопсуздук кепилдиктери жөнүндө декларацияга Австрия, Хорватия, Польша, Венгрия, Словакия жана Мальта кошулган жок. Бул тууралуу Украинанын "Страна.ua" басылмасы жазды.
Жума күнү президенттин офисинин башчысы Андрей Ермак декларацияга 30дан ашык өлкө кошулганын, 15и эки тараптуу келишимдер боюнча консультацияларды баштоого даяр экенин билдирген. Сентябрдын башында Владимир Зеленскийдин офисинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Киев коопсуздугунун негизги кепилдиги 51 өлкө болот деп эсептээрин айткан.
"Менин оюмча, бул мамлекеттердин бардыгында декларациянын тарабында болууга саясий эрки бар", — деген президенттин офис жетекчисинин орун басары Андрей Сибига.
Буга чейин НАТОнун Вильнюстагы саммитинде "Чоң жетиге" кирген өлкөлөр Украинаны колдогон декларацияны жарыялаган. Бирок анда айтылган коопсуздук милдеттемелерин ишке ашыруунун так мөөнөттөрү каралган эмес. Киев болсо НАТОнун 2024-жылы Вашингтондо өтчү саммитине чейин коопсуздук кепилдиктери ишке ашат деп үмүттөнүп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Блинкен: Украинаны өнүктүрүү боюнча Вашингтондун "өтө так планы" бар