Бишкекте 2024-жылы жаңы төрт көпүрө курулат

Айрым эски көпүрөлөр дагы 10 метрге кеңейип, унаалар кенен жүрүп каларын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бишкекте 2024-жылы жаңы төрт көпүрө куруларын мэрия билдирди.
Муниципалитет курулуштардын долбоорлору даяр экенин, болгону экспертиза жүргүзүү калганын билдирди.
Шаарга курула турган көпүрөлөр:
Чыгыш автобекетинин жанындагы Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнүн жаңысы курулат. 12 метрлик көпүрө 30 метрге кеңеймекчи.
Ауэзов — Шабдан Баатыр көчөлөрүндөгү көпүрө жаңыланат. Ал жак 21 метрге кеңейгенден кийин (азыр 10 метр) бир капталынан бир эмес, 2-3 унаа өтүп калат.
Үчүнчү көпүрө 7-Апрель жана Юнусалиев көчөлөрүн бошотуу үчүн салынат. Унаалар көпүрөдөн Ахунбаевге өтүшү үчүн Медеровго чыкчу Шүкүров көчөсүнө курулат. Тротуарды эске алганда туурасы 15 метр болмокчу.
Чоң Чүй каналындагы Махатма Ганди көчөсүндөгү көпүрөнүн туурасы азыр 20 метр, реконструкциядан кийин 28 метр болмокчу.
8 млрд. сом: темир жол, суу сактагычтар салынат. Бийликтин жакынкы пландары