Алматыда автобус элди аралап кетти. Айдоочуга кол салуу учуру видеого түшүп калган

Айдоочу аял соккудан эсин жогтуп койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Алматыда жүргүнчү айдоочу аялды муштап, ал рулга ээ боло албай топ элди аралап кеткен видео интернетке тарады.
Айдоочу соккудан эсин жоготуп койгон. Автобус аялдамада тургандарды сүзүп, төрт унаа менен кагышкан. Каргашадан үч адам каза таап, төрт киши жабыркады. Ооруканага жаткырылгандардын арасында 15 жаштагы бала бар.
Кол салган киши кармалды.
Жүргүнчү көз жумган. ЖКККББ Кочкордо инспектор аралашкан окуя тууралуу