Трамп аны Гитлер менен салыштыргандарга жооп кайтарды

Байден өзү бир нече жолу Трампты фашизм үчүн жемелеп, ага жооп катары каршылашын фашист деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп аны Германиянын лидери Адольф Гитлер менен салыштыргандарга жооп берип, нацисттин сөздөрүн ээрчибегенин, жолун жолдобой турганын маек учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"Биринчиден, мен Гитлер тууралуу эч нерсе деле билбейм. Жолун жолдобойм, анын эмгектерин окуган эмесмин. Ал кан тууралуу айткан дешет, бирок мен ал тууралуу билчү эмесмин", — деген Трамп.
Буга чейин АКШ президенти Жозеф Байдендин штабы мурдагы мамлекет башчынын мигранттар тууралуу айткан сөздөрүн Гитлердин сөздөрү менен салыштырган.
Штабдагылар Трамптын "сырттан келгендер АКШнын канын бузду" дегени Гитлердин "канды бузду" деп айтканы менен окшош деп эсептешкен.
Алар Трамптын АКШнын ички душмандары жөнүндөгү сөзүн Гитлердин Германияда ички душмандын бар экенин таануу зарылдыгы жөнүндөгү билдирүүсү менен да салыштырышкан. Байден өзү бир нече жолу Трампты фашизм үчүн жемелеп, ага жооп катары каршылашын фашист деп атаган.
АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрына белгиленген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ак үй: Россия Украинада жеңишке жетсе, АКШ армиясы түз тирешүүгө өтүшү толук мүмкүн