БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров алдыңкы 75 студентке президенттик стипендия тапшырды. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, 75 студент 2022-2023-окуу жылындагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн тандап алынган. Алардын ар бирине Мактоо баракчасы жана 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берилди.
“Мамлекет мындан ары да билим берүү, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга да өзгөчө көңүл бурат. Биз өлкөдө болгон инновациялык мүмкүнчүлүктөр өндүрүштүн керектөөлөрүнө дал келбесе илим менен өндүрүштүн байланышынын үзүлүшүнө алып келерин унутпашыбыз кажет”, — деген Жапаров.
Министрликтен стипендия үчүн президентке караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фондунан 4 миллион 500 сом бөлүнгөнүн айтышты.
Ошондой эле мекеме алдыңкы 75 студенттин аты-жөнүн жарыялады. Тизмеге өлкөдөгү 26 окуу жайда билим алып жаткан жаштар кирген.