"Чек талап кылып байге утуп ал!" лотереясы боюнча Салык кызматынын эскертүүсү

Лотерея үчүн ID-номерлер 25-декабрдан 29-декабрга чейин берилбейт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. "Чек талап кылып байге утуп ал!" лотереясы ойнотулган күндөрү ID-номерлерди берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, лотерея үчүн ID-номерлер 25-декабрдан 29-декабрга чейин берилбейт. Бирок катышуучулар мурдагыдай эле тиркемеде чектерди сканерден өткөрө берсе болот, алар 30-декабрга караган түнү ыйгарылат.
25-29-декабрда ойнотулган лотереяда:
521 даана iPhone 14;
519 даана смартфон;,
158 ноутбук;
21 Dyson фени бар экени айтылды.
Оюндун жүрүшү күн сайын саат 13:00дөн баштап Салык кызматынын социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
30-декабрда төмөнкү баш байгелер ойнотулат:
10 батир;
11 электромобиль;
Чет өлкөгө саякаттоого төрт жолдомо.
Бул байгелердин утуш оюндары УТРК жана “Ала-Тоо 24” каналдарында саат 15:00дөн баштап түз эфирде көрсөтүлөт. Эфирди, мындан тышкары, Салык кызматынын интернеттеги баракчаларынан көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө аталган акцияга катышып жаткандардын саны 400 миңден ашат.
"Чек талап кылып байге утуп ал!" лотереясына 400 миң кыргызстандык катышууда