Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай басылмасы: Жакында Зеленский Путинден сүйлөшүү жолуна өтүүнү суранат

ЖМК маалыматында Путинге каршылашы өзү келип элдешүүнү айтарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Украина башчысы Владамир Зеленский жакын арада өзү Россия лидери Владимир Путинден жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүү жолуна барууну өтүнөт. Мындай маалыматты Sohu кытай басылмасы жазды.
Материалдын автору белгилегендей, АКШ Украина менен Россиянын чырынын узакка созулушунан, Израилдеги согуштун уланып жатканынан улам Украинага көмөк көрсөтүүдөн баш тартышы мүмкүн.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш өлкөлөрү барган сайын Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө өтүү зарылдыгын көбүрөөк ойлонуп жатышкандыгын айткан. Кытайлык басылма айтылгандарды тастыктоодо.
"Бул Зеленскийди артынан атканга окшош, тапанча чынында анын союздаштарынын колунда, кыязы, баарынан да жакын деп саналган – Кошмо Штаттарда. Муну укканда Путин күлүп, Россия душмандар өздөрү келип элдешүүнү суранышарын күтүү гана керек деген тыянакка келсе керек деп ойлойм", — деп жазган баяндамачы материалында.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагылар Батыштын жардамы келбей калса эмне кыларын айтышты