ӨКМ пиротехникалык каражаттарды колдонуудагы эрежелерди тизмектеди

Колдо жасалган салюттарды сатып алууга тыюу салынат. Мындан тышкары, пиротехникалык каражат суу болуп калса аны пайдаланбаш керек, от, мешке кактап кургатууга да болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехникалык каражаттарды колдонууда эреже бузуулар чоң кесепеттерге алып келерин эскертип, майрамдарды салютсуз тосууга чакырды. Ал эми аны колдонуу чечимине келгендерге төмөнкүдөй кеңештерди сунуштады.
Мекеме жарандар колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбашы керектигин белгиледи.
"Ал кургак кутунун ичинде болушу шарт. Ным болуп калса эч качан албаңыз. Мындайда жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тетири тарапты көздөй учуп адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптөрдү өрттөп жибериши мүмкүн. Сатуучудан текшерүүдөн өткөндүгү жана сатууга уруксат кагазы бар экендигин сураңыз. Себеби текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей кырсыктарга себепкер болуп калышы толук ыктымал", — дешти министрликтен.
Пиротехниканы колдонуу эрежелери:
сатып алган соң суу кылып алуудан сактаңыз. Эгер ным болуп калса колдонбостон, балдар жетпеген жайга ыргытып же көмүп жок кылыңыз. Кургатуу үчүн мешке же жылуулук берүүчү буюмдардын жанына коюу кырсыкка алып келет;
үйгө алып келгенден кийин +30 градуска чейинки ысык, кургак жана балдар жетпеген жайда сактоо керек.
пиротехникалык каражатты колдонуу алдында кунт коюп, нускама менен таанышыңыз, көрсөтүлгөн коопсуз аймактарда гана колдонуңуз;
эң коопсуз жер короо жана бак-дарак өспөгөн ачык аянтчалар болуп эсептелинет;
тандалган жердин айланасын дыкаттык менен карап чыгыңыз. Жакын жерде (100 метр аралыкта ) өрт коркунучу бар объектилер – автоунаа токтоочу жай, жыгач сарайлар, гараж, электр өткөрүүчү зымдар жана башка ушул сыяктуулар болбошу керек;
билигин (фитиль) күйгүзүүдө колуңузду созуп от жандырыңыз да, алысыраак жакка качыңыз;
мас абада колдонуудан алыс болунуз;
атылып бүткөн же атылбай калган учурда салюттун жанына дароо келбеңиз. Кеминде 10-15 мүнөттөн соң ордунан алып, сууга чылап, киши баспаган жерге таштаңыз. Айрыкча колдонуу учурунда эңкейип, үңүлүп карабаңыз. Бир аздан кийин тутанып кетип, көзүңүзгө атылып кетиши мүмкүн;
нускамада жана ушул коопсуздук чараларында каралбаган башка аракеттерди жасоого, ошондой эле пиротехникалык каражаттын курамын өзгөртүүгө болбойт;
балдар пиротехникалык буюмдарды күйгүзгөндө тыкыр көзөмөлгө алып туруңуз.
"Жардыруучу заттарды турак үйлөрдүн жана башка курулуштардын жанында пайдаланууга тыюу салынат. Себеби учкундары терезенин ачык жерине же тамдын үстүнө учуп түшүп, өрттүн себепкери болушу мүмкүн. Ошондуктан үйдөн алысыраак, ылайыктуурак жерди табууга аракет кылыңыз", — деп эскертишет куткаруучулар.
Жаңы жыл майрамында үйгө кирген уурулардан сактаныңыз. Милициянын кеңеши