Өкмөт: 2026-жылга чейин Кыргызстанда 20 ири завод ачылат

Төрөбаев завод ачылса аз дегенде 11 000 жаңы жумуш орду түзүлөрүн убада кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 2026-жылга чейин Кыргызстанда 2 миллиард долларлык 20 ири завод ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн жыйынында билдирген.
Ал “Кыргыз индустриясы” түзүлгөндөн баштап 20 ири долбоорду ишке ашырып жатканын билдирди.
"Башкача айтканда, 972 миллион сомго топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, электроника, принтер, ксерокс, ККМ аппараттары, кирпич, бетон, азот жер семирткичтерин жана башкаларды чыгарган өзүбүздүн өнөр жай заводдорубуз ачылды. Логистикалык жактан "Кыргыз чет транс", "Кыргыз эйр вейс", "Кыргыз бакча", "Жемиш кампа" сыяктуу өнөр жай комплекстери иштей баштады. 2026-жылга чейин 2 миллиард долларга 20 ири завод ачылат”, — деген Төрөбаев.
Ал заводдор иштей баштаса аз дегенде 11 000 жаңы жумуш орун түзүлөрүн, мындан сырткары, санариптештирүүнүн алкагында өнөр жай ишканаларынын картасы иштелип чыгарын кошумчалаган.
Саламаттык сактоо министрлиги Россиянын акчасына 107 машина алды. Видео